Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ташкенттеги иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.
Жолугушууга Казакстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын парламенттеринин жетекчилери да катышты.
Баарлашууда Борбор Азия чөлкөмүндөгү алакалар акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканы белгиленип, калыптанган кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү үчүн парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө тууралуу сөз болду.
Ошондой эле аймактагы беш өлкөнүн келечеги бири-бирине толук көз каранды экени айтылып, андыктан өнүгүүгө багытталган керектүү мыйзамдарды кабыл алууда депутаттардын тажрыйба алмашуусу зарыл экени кошумчаланды.
Муну менен катар Президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстанда өткөн Парламенттер аралык бирликтин жыйындарын колдоого алып, катышканы үчүн парламент жетекчилерине ыраазычылыгын билдирди.