Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Мыйзам чыгаруу органдары өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү болушу керек

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ташкент шаарында уюштурулган Парламенттер аралык бирликтин 150-ассамблеясына катышты.

Жыйында Ѳзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев баяндама жасап, өлкөлөр ортосундагы байланышты чыңдоодо парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенине токтолду.

Буга чейин аталган жыйында Жогорку Кеңештин Төрагасы да сөз сүйлөп, глобалдык кыйынчылыктар, экономикалык туруксуздук жана социалдык теңсиздиктин күчөшү парламенттерге кошумча жоопкерчилик жүктөп жатканын белгилеген.

Ошондой эле Төрага мыйзам чыгаруу органдары өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү болуп, ачык диалог аркылуу социалдык биримдикти жана адилеттүүлүктү чыңдаган чечимдерди кабыл алышы керектигин кошумчалаган.

Эскерте кетсек, 150дөй өлкө мүчөлүк кылган Парламенттер аралык бирлик 1889-жылы түзүлгөн. Быйыл Ташкентте бирликтин мааракелик 150-ассамблеясы өтүүдө.

Иш-чаранын алкагында Төрага коңшу жана алыскы Азия, Европа мамлекеттеринин парламенттеринин жетекчилери менен баарлашып, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашты.

Алардын ичинен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенкону туулган күнү менен куттуктап, эки өлкө ортосундагы алакаларды арттырууга кошкон салымы чоң экенин белгиледи.

Связанный пост