Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Пакистандын Сенатынын Төрагасы Сайед Юсуф Раза Гиллани менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ташкент шаарында уюштурулган Парламенттер аралык бирликтин кезектеги жыйындарынын алкагында Пакистан Ислам Республикасынын Сенатынын Төрагасы Сайед Юсуф Раза Гиллани менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Пакистан өлкөсү менен эки тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп: “Мамлекеттер аралык байланыштарыбыз жылдан-жылга бекемделип, Ислам кызматташтык уюму, Шанхай кызматташтык уюму өңдүү эл аралык жана аймактык бирикмелердин алкагында да тыгыз иш алып барып келебиз. Бирок эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү өрчүтүүгө багытталган мүмкүнчүлүктөрүбүз толук пайдаланыла элек. Дүйнөдөгү кырдаалды, анын ичинен геосаясий өзгөрүүлөрдү, экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү эске алуу менен кызматташтыкты өнүктүрүүбүз кажет”, – деди.

Мындан тышкары, байланыштарды кеңейтүүдө парламенттик дипломатиянын ролу жогору экенине токтолгон Төрага: “Парламенттер аралык кызматташуу мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашууга гана өбөлгө түзбөстөн, эки тараптуу өнөктөштүктүн жаңы багыттарын ачууга жардам берет. Андыктан, Жогорку Кеңеш Пакистан менен парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдарбыз”,- деди.

Муну менен катар билим берүү тармагындагы кызматташтык жигердүү уланып, учурда 18 миңден ашуун пакистандык студент Кыргызстанда билим алып жатканын белгилеген Төрага: “Биз башка тармактарда да өнөктөштүктү кеңейтүүгө даярбыз. Айрыкча энергетика, айыл чарба, саламаттыкты сактоо жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет. Бул үчүн транспорттук-логистикалык жана түз аба каттамдарын ачуу маселелерин чечүү менен соода байланыштарын тереңдетип, экономикалык мамилелерибизди өнүктүрүү зарыл”, – деди. Мындан тышкары, баарлашууда Төрага CASA-1000 долбоорунун ишке киргизилишин колдой тургандыгын да кошумчалады.

Өз кезегинде Пакистан Ислам Республикасынын Сенатынын Төрагасы Сайед Юсуф Раза Гиллани Пакистан мамлекети үчүн Кыргызстан Борбор Азиядагы негизги өнөктөш өлкөлөрдүн бири экенин белгилеп: “Биз бардык тармактар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Айрыкча соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүп, ишкердик чөйрөнүн кызматташтыгын калыптандырууга аракет кылабыз”, – деди.

Мындан тышкары, Сенат Төрагасы билим алууну каалаган пакистандык студенттерге түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр үчүн Төрага Нурланбек Тургунбек уулуна ыраазычылык билдирип, өзү да Пакистандын премьер-министри кызматын аркалап турган учурда Кыргызстанга келип кеткенин эске салды.

“Кыргыз элинин меймандостугу жана бай маданияты пакистандыктарды дайыма кызыктырып келет. Андыктан байланыштарды арттырып, парламенттер аралык алакаларды  өнүктүрүү менен жарандарыбыз ортосунда дагы достук мамилелерибизди кеңейтишибиз керек”,- деген Сайед Юсуф Раза Гиллани Жогорку Кеңештин Төрагасын Пакистанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Связанный пост