Садыр Жапаров «Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү» эл аралык форумуна катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан «Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү» эл аралык форумуна катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө соңку жылдары климаттын өзгөрүүсү көйгөйү байма-бай, анын ичинде БУУнун жогорку трибунасында жана Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык конвенциясынын жыл сайын өтүүчү саммиттеринде көтөрүлүп жатканын баса белгиледи.

« Бардык катышуучулар көйгөйлөр тууралуу айтып, коңгуроо кагып жатышат, бирок кырдаал кескин өзгөргөн жок. Өнүккөн өлкөлөр, анын ичинде Европа бирлиги климаттык каржылоонун негизги донорлорунун катарына кирет. Бирок бөлүнгөн каражат өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн күтүүсүнө жооп бербейт. Муну Бакуда өткөн КOP29 Конференциясынын жыйынтыгы ачык көрсөттү», — деди Садыр Жапаров.

Бул контекстте ал мамлекеттер согуштарга жана жаңжалдарга миллиарддаган жана триллиондогон долларларды жумшарын, ал эми климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүгө жана курчап турган чөйрөнү коргоого салыштырмалуу азыраак акча бөлүнөрүн баса белгиледи.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы климаттык каржылоону алуу процесси жана механизми дагы эле татаал бойдон калып жатканын белгиледи. Финансылык ресурстар топтолгон эмес жана көп сандаган ар кандай фонддор жана банк түзүмдөрү аркылуу бөлүштүрүлөт.

Аларды натыйжалуу жана калыс бөлүштүрүү максатында Садыр Жапаров төмөнкүлөрдү сунуштады:

Климаттык каржылоону баарынан мурда климаттын өзгөрүшүн жумшартуу, ага ыңгайлашуу жана жашыл өтүүнү камсыз кылуу үчүн өз ресурстары, технологиялары жана каржысы жок эң аялуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн муктаждыктарын жана артыкчылыктарын канааттандырууга багыттоо;

Климат боюнча глобалдык демилгелерди кароодо чакан арал мамлекеттеринин жана начар өнүккөн өлкөлөрдүн гана эмес, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө өтө аялуу болгон тоолуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу;

Климаттык каржылоо жагынан да, алдыңкы технологияларды ишке киргизүү маселелеринде да Борбор Азия өлкөлөрүн колдоого европалык өнөктөштөрдүн катышуусун күчөтүү;

Кыргызстандын тышкы карызды климатка жана туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго алмашуу демилгесин колдоо, аны ишке ашырууга Европа бирлиги буга чейин эле кошулган.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасында өткөн жылы инфраструктурага олуттуу зыян келтирген, адамдардын өлүмүнө жана жер которууларга алып келген жер көчкүлөрдүн саны кескин көбөйгөнүн белгиледи.

«Мындан тышкары, биз мөңгүлөрдүн интенсивдүү эришин жана алардын мөңгү аянтынын азайышын, суунун аздыгын, кургакчылык жана чөлгө айланууну байкап жатабыз. Жыл сайын алардын саны жана масштабы өсүп жатат. Акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16%га азайды, ал эми 2100-жылга чейин алардын жарымы жок болуп кетиши мүмкүн”, – деди Садыр Жапаров жана бул көйгөйлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн активдүү программасын жактай турганын баса белгиледи.

«Улуттук деңгээлде аныкталган салымдарыбызга ылайык, биз «адаттагыдай бизнес» сценарийи боюнча 2030-жылга карата чыгындыларды 16% га, ал эми эл аралык колдоо менен 44% га кыскартууну пландап жатабыз.

Биз энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, газдаштыруу аркылуу көмүрдү пайдаланууну азайтуу, электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүүдө жылуулук жоготууларды кыскартуу, ошондой эле шаарларда жылуулук тутумун жакшыртуу аркылуу көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүнү пландаштырып жатабыз», – деди Президент.

Ал бул өңүттөн энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорду белгилеп өттү.

«Акыркы төрт жылда Кыргызстанда 18 чакан ГЭС ишке берилди.

Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу боюнча долбоорду жүзөгө ашыруу башталды.

Мындан тышкары, өлкөдө парник газдарынын чыгындыларын сиңдирүү потенциалыбызды жогорулатууга багытталган токой аянттарын көбөйтүү боюнча «Жашыл мурас» улуттук программасы ишке ашырылууда.

«Программанын алкагында жыл сайын 8 миллионго чейин бак-дарактар отургузулат», – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы эл аралык өнөктөштөргө Кыргызстандын демилгеси менен 2023-2027-жылдар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланган «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясын БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынганы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Тоолор беш жылдыгынын» алкагында бир катар негизги иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган:

2025-жылдын 24–25-апрелинде Кыргызстанда «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу» эл аралык конференциясы өтөт;

2026-жылы – Нью-Йоркто пре-саммит;

2027-жылы – «Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммити, анда жыйынтыктар чыгарылат жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча мындан аркы кадамдар аныкталат.

Соңунда Президент Садыр Жапаров бул иш-чараларга активдүү катышууга чакырып, өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу БУУнун негизги принциптеринин бири – «Эч кимди артта калтырба» деген принципке туура келерин баса белгиледи.

Связанный пост