Чек араны коргоодо эрдик көрсөткөндөр “Ата Мекен баатыры” ордени менен сыйланат

 Чек араны коргоодо эрдик көрсөткөндөр “Ата Мекен баатыры” ордени менен сыйланат

Чек араны коргоодо эрдик көрсөткөндөр “Ата Мекен баатыры” ордени менен сыйланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

УКМК төрагасынын айтымында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим ратификациялоодон өтсө, сыйлык бериле баштайт.

“Чек арадагы чыр-чатактарда каза болгон жоокерлерге, ошол жерде катышкан адамдарыбызга, мергенчилерибизге, элдик кошуундарга, өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрүнө бир дагы сыйлык бере элекпиз. Биз атайын бүгүнкү күндү күтүп жаттык. Бүгүн ратификациядан өтсө, чекесинен берип баштайбыз. Өкмөт, мамлекет да даярдап отурат. “Ата Мекен баатыры” деген орденди баатырларга беребиз деп даярдап отурабыз. Жакынкы күндөрү ошол сыйлыктын жобосу такталып, бүтөт”, – деди ал.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев мамлекеттин чек арасын коргоп, көз жумган аскер кызматкерлери тууралуу китеп жазылып, кино тартылганын белгиледи.

“Биздин балдарыбыз тууралуу китеп жазылды. 51 аскер кызматкери кандай акыбалда каза болгон, сүрөттөп китеп жаздырдым. Китеп азыр даяр турат. Ошол жерде биздин аскерлерибиздин көрсөткөн эрдиктери боюнча кино тартылды. Аны да көрсөтө элекпиз, аны да көрсөтөбүз. Эми ратификация өткөндөн кийин акындар, жазуучулар акындык, жазуучулук өнөрүн көрсөтсүн. Актерлор кино тартсын, ушинтип баатырларыбызды даңкташыбыз керек”, – деп кошумчалады Ташиев.

Связанный пост