Тажикстан барымтага алган 4 чек арачы Кыргызстанга кайтарылды

 Тажикстан барымтага алган 4 чек арачы Кыргызстанга кайтарылды

Баткен облусунун бийлиги Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев баш болуп эки тараптуу кыргыз-тажик ок атышууну токтотуу, жана кырдаалды турукташтыруу боюнча макулдашууларды камсыздоо боюнча иштерди улантууда.

КР УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, чек арага жакын аймактардын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуунун алкагында Ташиев тажик кесиптеши менен тыгыз байланышта болууда.

Бүгүн түштөн кийин К.Ташиев укук коргоо органдарынын жана облустук бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Тажикстандын аймагында болуп, тиешелүү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тажик тарабынан кармалган УКМК чек ара кызматынын төрт аскер кызматкерин бошотууну макулдашышты.

19-сентябрда саат 21:00гө карата КР УКМК төрагасы К.Ташиев бошотулган 4 чек арачы менен бирге Баткен облусунун «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу КР аймагына кайтып келди.

Связанный пост