“Айыл чарбасын каржылоо-13”: Жакында жеңилдетилген насыя бериле баштайт

 “Айыл чарбасын каржылоо-13”: Жакында жеңилдетилген насыя бериле баштайт

Жакында “Айыл чарбасын каржылоо – 13” долбоорунун алкагында дыйкандарга жеңилдетилген насыя бериле баштайт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңилдетилген насыя алуу үчүн дыйкан-фермерлерден кайрылуулар келип түшүүдө.

Белгилей кетсек, бул долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү “мал чарбачылыгы”, “өсүмдүк өстүрүү” жана “сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялар” менен алектенгендарге 36 ай, ал эми “айыл чарба техникаларынын лизинги” мөөнөтү 84 ай. Насыялар 300 миң сомго чейин күрөөсүз негизде, 1 млн сомго чейин күрөөнүн негизинде.

Ошондой эле  “мал чарбачылыгы” багытына 1227,8 млн сом, “өсүмдүк өстүрүү” багытына 818,6 млн сом,  “сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялар” багытына 409,2 млн.сом, “айыл чарба техникаларынын лизинги” багытына 1637,1 млн сом каралды.

Долбоордун алкагында 4 млрд 92 млн 769 миң 440 сомдон кем эмес суммага 10 пайыз чен менен насыя берүү жагы каралган. Насыялар “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору аркылуу берилет.

Связанный пост