Кыргыз-тажик чек арасы тууралуу материалдар коомдо ачык талкуулана баштайт

 Кыргыз-тажик чек арасы тууралуу материалдар коомдо ачык талкуулана баштайт

Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тууралуу маалымат угулууда.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тажик кесиптештери менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр тууралуу отчет берүүдө.

Анын айтымында, бүгүнтөн тарта кыргыз-тажик чек арасынын такталышы боюнча материалдарды ачык-айкын талкууланат.

“Буга чейин сүйлөшүүлөр маалында, макулдашуулар маалында ар кандай оң-тетири пикирлер таасир этпесин деп биз сырдуу кармап келгенбиз. Сүйлөшүүлөр акыркы чекитине жетти жана бүгүндөн тарта ачык талкуулоого болот. Парламенттин кароосунан кийин президенттер кол коюшат, андан кийин ратификацияланып, жыйынтыгында акыркы вариантка эки мамлекеттин башчылары кол коюшат. Ал эми эки өлкөнүн ортосунда келишим түзүлөт”, – деди ал.

Связанный пост