Президент Европарламенттин Темирлан Султанбеков боюнча дооматтарына жооп берди

Евробиримдик, Европарламент, мейли Социнтерн менен болобу жеке тааныш-билиштик мамилелер биздин чоң, глобалдык негиздеги кызматташуубузга тоскоол болбошу керек. Бул тууралуу пикирин президент Садыр Жапаров Европарламенттин адам укуктары боюнча комитетинин делегациясын кабыл алуу учурунда билдирди.
Ошондой эле президент Европарламент өкүлүнүн пикирин 100 пайыз колдоорун, биздин кызматташуубузга майда-чүйдө жеке мамилелер тоскоол болбош керектигин баса белгиледи.
“Темирлан Султанбековдун ишин жашыруун кылып коюптурсуңар деген дооматтарды айтып жатасыздар. Себеби, азыр материалдардан да көрөсүздөр, биз дагы Евробиримдик, Социнтерн менен мамилебизди бузгубуз келбейт. Бишкек, Ош шаарларында өткөн жергиликтүү кеңештерге депутаттык жарышта Социнтерн каржылаган фактылар бар. Эми анын барын сот ачык карай турган болсо, анда бүт ачыкка чыгыш керек болот. Анда биз Евробиримдик менен дейбизби, Социнтерн менен дейбизби мамилебиз бузулуп калышы мүмкүн. Биз да аны каалабайбыз, ошондуктан тергөө органдары менен сот ушундай чечим кабыл алса керек деп ойлойм. Жашыруун кылып койгонун билбейм, сиздерден угуп жатам”,- деди Садыр Жапаров.