Кыргызстанда 6 миңден ашуун бош жумуш орундары бар

 Кыргызстанда 6 миңден ашуун бош жумуш орундары бар

Үстүбүздөгү жылдын 1-февралына карата жалпы республика боюнча 6 305 бош жумуш орундар бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук кылат.

Бүгүнкү күнгө чейин расмий жумушсуздуктун деңгээли республика боюнча 1,8% ды түзгөн. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуздардын саны 69,3 миң адам. Расмий катталган жумушсуздардын саны 49,8 миң адам. Ал эми иш менен камсыз кылуу кызматтарына кайрылган жарандардын саны 12 246 адамды түзөт.

Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында 1 283 жумушсуз жаран ишке орноштурулган.

Эмгек рыногунда жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жумушсуз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча жүргүзүлдү. Алар – компьютер оператору, соода агенти, ашпозчу, косметолог, чач тарач, тырмак жасоочу, укалоочу, визажист, котормочу, 1С билими бар бухгалтери, тигүүчү, айдоочу, электрогаз ширетүүчү жана слесарь-сантехник, аары багуучулук.

2025-жылдын 1-февраль айына карата, убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 507 адам жөнөтүлгөн.

Связанный пост