Камчыбек Ташиев: Тажикстан менен чек ара маселеси толук чечилди

 Камчыбек Ташиев: Тажикстан менен чек ара маселеси толук чечилди

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси толук чечилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Баткен шаарындагы футбол стадионунун курулушун баштоо аземинде билдирди.

Ал белгилегендей, жакында эле Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча акыркы протоколго кол коюлду.

“Эртең Жогорку Кеңештин биргелешкен комитеттин жыйынында биринчи кезекте чек маселеси каралат. Андан соң мамлекет башчылары кол коюп, маселе кайрадан парламенттик жыйында кеңири курамда ратификациядан өткөрүлөт. Ратификациядан өткөн соң мыйзамга мамлекет башчылары тарабынан кол коюлупп, анан ишке киргизилет. Бул жумуштардын баары бир айдын тегерегинде бүтөт. Буюрса, Баткен облусунда чек ара маселеси толугу чечилди деп айтууга болот”,-деди Ташиев.

Связанный пост