ЖК комитети Бишкектеги кыргыз-түрк достугу ооруканасын биргелешип башкарууга байланышкан мыйзам долбоорун карады

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реджеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын биргелешип башкаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.
Жыйында баяндама жасаган Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов белгилегендей, Макулдашууда OSYM (студенттерди тандоо жана ишке орноштуруу борбору) бөлүштүрүлгөндөн кийин Түркияда жылына эң көп дегенде 20 кыргыз дарыгерин медициналык адистештирүү боюнча даярдоону камсыз кылууну, ошондой эле Кыргыз Республикасында дарыгерлерди жана медициналык адистиктерди даярдоо үчүн окуу программаларын өркүндөтүүнү колдоону, кыргыз-түрк достугу ооруканасын биргелешип пайдалануу аркылуу Кыргыз Республикасынын Коомдук саламаттык сактоо мекемелерин башкарууга жана каржылоого жаңы принциптерди жана программаларды өткөрүп берүү максаттары каралган.
Талкуу маалында депутат Миргүл Темирбаева кыргыз-түрк достугу ооруканасынын медицина кызматкерлеринин эмгек акысы, Кыргызстандын жарандарына жеңилдиктерди берүү, ошондой эле мекеменин кирешесин бөлүштүрүү тартиби тууралуу бир катар маселелерди тактады. Ал эми депутат Чингиз Айдарбеков Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Борбор Азия жана Европа аймагында энелердин өлүмү боюнча эң жогорку көрсөткүчкө ээ экенин белгиледи. Эл өкүлү кошумчалагандай, Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте энелердин өлүмүн, ошондой эле балдардын жана ымыркайлардын өлүмүн азайтуу максатына жетишүү зарыл.
Өз кезегинде депутат Улан Бакасов Нарын облусундагы саламаттык сактоо мекемелериндеги медициналык жабдуулардын, адистердин жетишсиздигине жана жаңы имараттардын курулушуна байланыштуу көйгөйлөргө көңүл бурса, эл өкүлү Алтынбек Кылычбаев лабораториялык изилдөөлөрдүн баасын жөнгө салууну сунуштады. Комитет төрагасы Улан Примов Кыргызстандын 150 жаранын Түркиядагы клиникаларда дарылоого квота берүү качан жанданарына кызыгып, ошону менен бирге саламаттык сактоо министрлигине квотаны 500 адамга чейин көбөйтүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүнү табыштады.
Андан тышкары, жыйында «2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Күндөлүк операциялар [жеңилдетилген шарттарда]) (Ысык-Көл айланма автожолун (Барскоон – Каракол участогу) жакшыртуу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Ысык-Көл айланма автожолун (Барскоон – Каракол участогу) жакшыртуу боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.
Муну менен катар «2024-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну, Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор боюнча макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда колдоого ээ болду.