Өлкөдө кызамык оорусу боюнча абал курч бойдон калууда

Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча 2025-жылдын 10-февралына карата өлкөдө кызамык оорусунун 2 миң 46 учуру катталган.
Маалыматка ылайык, катталган жалпы санды аймактарга бөлүштүрүүдө Бишкек шаары боюнча 1 миң 291, Ош шаары боюнча 95, Ош облусунда 147, Баткен облусунда 44, Чүй облусунда 311, Жалал-Абад облусунда 20, Ысык-Көл облусунда 43, Талас облусунда 40 жана Нарын облусунда 55 учур катталган.
Алардын ичинен 1 миң 972 бейтап (96%) эмдөөдөн өткөн эмес: 695 учур жаш курагы боюнча эмделбегендер (34%), 889 учур эмдөөдөн баш тарткандар (43%), 29 учур миграцияга байланыштуу себептер менен (1%), 219 учур медициналык баш тартуу себеби боюнча (11%), 140 учур эмдөө статусу белгисиз болгон жарандар (7%).
“Республикада кызамык оорусуна байланыштуу абал курч бойдон калууда. Оорунун негизги өсүшү Бишкек шаарында байкалып, 1 миң 291 учур катталган жана бул жалпы көрсөткүчтүн 62 пайызын түзөт. Балдар арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тарткандардын санынын көптүгү оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби бойдон калууда”- деп белгилешти Иммунопрофилактика борборунан.
Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кызамыкка каршы күрөшүү боюнча алдын алуу жана ооруга каршы иш-чаралар күчөтүлдү.
Эске салсак, 2025-жылдын 8-январында Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңештин жыйыны өтүп, анда кызамык оорусуна байланыштуу учурдагы кырдаал талкууланып, эмдөөдөн өтпөгөн 1 жаштан 5 жашка чейинки балдарды эмдөө жөнүндө чечим кабыл алынган.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн 6-7-февралда жугуштуу ооруларга каршы эмдөөгө карата калктын ишенимин жогорулатуу максатында окуу өткөрүлгөн.