Ысык-Көл жана Нарын облустарын толугу менен органикалык дыйканчылыкка өткөрүү пландалууда

Ысык-Көл жана Нарын облустарын толугу менен органикалык дыйканчылыкка өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Айыл чарба министрлиги КР министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасында 2025-2029-жылдарга карата органикалык өндүрүштү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоорун (программа) иштеп чыкты.
Программа органикалык продукция өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик колдоо аркылуу укуктук, экономикалык жана социалдык жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Кыргызстан органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө уникалдуу табигый-климаттык шарттарга ээ:
- таза экосистема;
- тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда экологиялык таза топурак жана суу ресурстары;
- агрохимикаттарды аз колдонгон салттуу айыл чарба ыкмалары;
- биологиялык ар түрдүүлүк;
- жогорку экспорттук потенциал.
Азыркы учурда сертификацияланган органикалык айыл чарба жерлеринин аянты 63 миң гектарды түзөт, бул жалпы айдоо жерлеринин 5,25 пайызына туура келет.
2025-2029-жылдарга карата максаттар:
- сертификацияланган органикалык айдоо жерлеринин аянтын 200 000 гектарга чейин көбөйтүү (3 эсеге);
- органикалык өндүрүштүн үлүшүн айыл чарбанын жалпы көлөмүндө 25%га жеткирүү;
- экспорттук рынокторду кеңейтүү жана органикалык продукциянын экспорттогу үлүшүн 25%га чейин жогорулатуу.
Негизги иш-чаралар:
- Ысык-Көл жана Нарын облустарын толугу менен органикалык дыйканчылыкка өткөрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу;
- органикалык өндүрүштүн артыкчылыктары боюнча кеңири маалыматтык кампания жүргүзүү;
- органикалык продукцияны кайра иштетүү жана логистика системасын өнүктүрүү;
- органикалык продукцияны сертификаттоочу лабораторияларды түзүү;
- илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алдыңкы технологияларды киргизүү.
Коомдук талкууга коюлган документтер:
- 2025-2029-жылдарга карата органикалык өндүрүштү өнүктүрүү программасы;
- программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы;
- индикаторлор матрицасы;
- программанын бюджети.
Документтердин толук пакети коомдук талкуунун Бирдиктүү порталында жеткиликтүү: https://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/4707