«Ош» бажысынын кызматкерлери контрабандалык дары-дармектерди кармашты
«Ош» эл аралык аэропортунда «Ош» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды.
Кувейт-Ош аба каттамы менен келген Кыргыз Республикасынын “Х.О.С.” жаранынын жүктөрүн текшерип кароо учурунда, тиешелүү товар коштоочу документтери жок ар кандай аталыштагы дары-дармектер жана медициналык багыттагы товарлар аныкталган жана алынган.
Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлдү.