Кыргызстан менен БУУ ФАОнун ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө маселеси талкууланды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директорунун орун басары/Европа жана Борбор Азия боюнча аймактык өкүлү Виорел Гуцу менен жолукту.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуу Төрөбаевдин Венгриянын Будапешт шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун ортосунда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба тармагындагы инновациялар, суу ресурстарын туруктуу башкаруу, фермерлерди жана айыл жамааттарын колдоо, илим, билим жана квалификациялык тажрыйбаларды өнүктүрүү тармактарында кенен сүйлөшүү жүргүздү.
Мындан тышкары, алар Кыргызстан менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө жана айыл чарба тармагында олуттуу ийгиликтерге жетишүү үчүн буга чейин жетишилген макулдашууларды активдештирүү жана ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулашты.