Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алат

 Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алат

Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алат. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдан тартып Кыргызстан менен Түркия өкмөттөрүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген.

Белгиленгендей, келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 311 суроо-талап жиберилген, 309 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү жооптор берилди.

Келишимдин алкагында Түркия Кыргызстандын 1 жаранына 490 түрк лирасы өлчөмүндө пенсия чектеди.

Связанный пост