Камчыбек Ташиев көп балалүү үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды
Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин жардам сурап кайрылган Нурзат Нуржанованы кабыл алды.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, буга чейин Нурзат Нуржанованын жардам сураган кайрылуусу түшкөн. Аталган жаран өз кайрылуусунда 3 жаштан 13 жашка чейинки 6 баланын энеси экенин, турмуштук оор кырдаалга туш болгонун, жеке турак жайы жоктугун, балдарды тийиштүү түрдө камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жоктугун (жылуу кийим-кече жок), бутуна операция жасалып, андан кийин кыймыл-аракети кыйындаганын билдирген.
Н.Нуржанова 1991-жылы 5-февралда Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылында төрөлгөн. Туруктуу иштеген жери жок, мурда тигүүчү болуп иштеген, бирок жаракат алып, операция жасалгандан кийин иштөөсүнө кыйынчылыктар жаралган.
Анын жолдошу А.К.Мурзабеков 1990-жылы 13-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Үч-Малай айылында туулган. Мурда такси кызматында иштеген, учурда туруктуу киреше булагы жок, тамак-аш жеткирүү менен алектенет. Ошондой эле ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөрү бар болгондуктан оор физикалык жумуш менен алектене албайт.
Арыз ээси Н.Нуржанова күйөөсү жана 6 баласы менен Бишкек шаарындагы Аламүдүн айылындагы ижарага алынган үйдө жашайт.
УКМК төрагасы К.Ташиев жардамга муктаж үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырып, каалоо-тилектерин айтты.
Өз кезегинде Н.Нуржанова УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге турак-жай менен камсыздоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.