Аарычылык жана асыл тукум уйлардан мол сүт алуу боюнча мыктылар аныкталды
Аарычылык жана асыл тукум уйлардан мол сүт алуу боюнча мыктылар аныкталды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Рахат Токталиев Нарын облусунда аарчылык менен “Ат-Башы ак балын” өндүрүп келет. Ал 2024-жылы 8 тонна бал өндүргөн, анын 60% экспортко кеткен. “Ат-Башы ак балынын” өзгөчүлүгү нукура таза бал болуп эсептелет. Ал балдын эспарцет жана тоо гүлдөрүнөн алынган 2 түрүн өндүрөт.
Ал эми Михаил Зуев жогорку продуктивдүү “Голштин” породасындагы малды өстүрүүгө адистешкен “Крепость” дыйкан-фермердик чарбасынын жетекчиси. Даниядан жана Германиядан тандалган элиталык бодо мал чарбага эки этапта киргизилген. Учурда анын чарбасында Голштино-фриз породасындагы 40 уй, жана 43 музоо бар. “Крепость” ДФЧ европалык респонденттик үйүрдү көзөмөлдөө системасын колдонот. Система реалдуу убакыт режиминде иштеп, уйлардын физикалык абалы, аңчылык фазалары, рацион жана тамактануу деңгээлин көзөмөлдөйт.
Эске салсак, 28-29-30-31-январда саат 10:00дө Кыргыз улуттук агрардык университетинде багбанчылыкта олуттуу ийгиликтерге жетишкен адистер жана фермерлер кызыл килемден өтүп, тажрыйбалары менен бөлүшүп, малина, өрүк өстүрүүнүн заманбап технологияларын киргизип, түшүмдүүлүктү жогорулатуунун сырларын айтып беришет.
Иш чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн: 0709-144 938 (Элвира Мамбетова).