Кыргызстандык экспортчулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр: Өзбекстан менен кызматташуу күчөтүлүүдө

 Кыргызстандык экспортчулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр: Өзбекстан менен кызматташуу күчөтүлүүдө

2025-жылдын 13-январында, Ташкент ш. #КРЭКМ Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү “Food City Tashkent” ЖЧКсы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.

Бул меморандум Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кыргызстандык экспортчуларды Өзбекстан рыногуна чыгарууга керектүү шарттарды түзүүгө багытталган.

Келишимдин алкагында “Food City Tashkent” соода аянтчасынын аймагында үзгүлтүксүз жарманкелер уюштурулат. Бул иш-чараларда кыргыз ишкерлери өз продукциясын көрсөтүп, потенциалдуу сатып алуучулар менен түз байланышка чыгып, узак мөөнөттүү келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Логистиканы жөнөкөйлөтүү жана ишкерлердин чыгымдарын кыскартуу максатында “Food City Tashkent” кыргызстандык экспортчуларга соода аянтчаларын жана кампаларды акысыз пайдаланууга берет.

Өзбекстан тарап кыргызстандык өндүрүүчүлөр менен өзбекстандык импортчулардын ортосунда түз байланышты түзүүгө көмөк көрсөтүп, зарыл көлөмдө товар жеткирүүнү камсыз кылууну колдойт.

Бул меморандум кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн Өзбекстан рыногундагы катышуусун кеңейтүү жана экспортчуларды жаңы соода аянтчаларга чыгарууну жеңилдетүү үчүн зарыл шарттарды түзөт.

Маалымат үчүн: “Food City Tashkent” – бул тамак-аш продукциясы менен соода жүргүзүү жана жеткирүүчүлөрдү сатып алуучулар менен байланыштырууга арналган соода аянтчасы.

Связанный пост