Өлкө боюнча буудай жана чычырканак өстүрүү боюнча мыкты дыйкандар аныкталды
Өлкө боюнча буудай жана чычырканак өстүрүү боюнча мыкты дыйкандар аныкталды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, алар – Чүй облусунун Москва районунун фермери Алексей Анисимов жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну Таалай Окенов.
Белгиленгендей, Алексей Анисимов 2024-жылы 1 гектар жерге буудай тигип, 86 центнер түшүм алган.
Ал эми Таалай Окенов 1 гектар жерге 2019-жылы отургузулган чычырканактан 70 центнер түшүм жыйнап, 1 млн 400 миң сом киреше тапкан.
Эске салсак, 28-29-30-31-январда саат 10:00дө Кыргыз улуттук агрардык университетинде багбанчылыкта олуттуу ийгиликтерге жетишкен адистер жана фермерлер кызыл килемден өтүп, тажрыйбалары менен бөлүшүп, малина, өрүк өстүрүүнүн заманбап технологияларын киргизип, түшүмдүүлүктү жогорулатуунун сырларын айтып беришет.
Иш-чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн: 0770850015 Турат Идрисов.