Адылбек Касымалиев: Кыргызстан инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо үчүн еврооблигацияларды чыгарууну пландаштырууда

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Атайын административдик району Гонконгдо ушул күндөрү өтүп жаткан Азия каржы форумунун алкагында “Ситибанк” (“Citi bank”) эл аралык бөлүмүнүн башчысы Эрнесто Торрес Канту менен жолукту.

Жолугушууда Кыргызстан менен “Ситибанктын” ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде еврооблигацияларды чыгаруу жана кыргыз жана эл аралык банктар ортосунда корреспонденттик мамилелерди түзүү маселелери талкууланды.

Минкаб төрагасы банк менен болгон өнөктөштүктүн маанилүүлүгүнө токтолуп, анын Кыргызстандын еврооблигацияларынын алдыдагы чыгаруусуна башкы координатор жана букреннер катары катышуусун белгиледи.

Ал 2024-жылы Кыргызстандын Улуттук банкы менен “Ситибанктын” ортосундагы кызматташуусу активдешкенин баса белгилеп, Кыргызстандын коммерциялык банктары, анын ичинде “Элдик Банк” жана “Айыл Банк” “Ситибанк” менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде, Эрнесто Торрес Канту Кыргызстан менен каржылык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн эбегейсиз потенциалын айтып, еврооблигацияларды чыгаруу эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоодо маанилүү кадам болоорун белгиледи.

Соңунда тараптар жолугушуу эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана биргелешкен ийгиликтерге жетишүү үчүн жаңы дем болооруна ишеним билдиришти.

Маалымат үчүн: “Citibank” — “Citigroup Inc.” банк бөлүмү, анын башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан көп улуттуу банк жана каржы корпорациясы. Бул көптөгөн өлкөлөрдө иш алып барган жаткан активдери боюнча дүйнөдөгү эң ири банктардын бири.

Связанный пост