Сейрек кездешүүчү кыргыз ак топозун баккан фермер жана гидропоника даярдоо боюнча чемпиондор аныкталды

Сейрек кездешүүчү кыргыз ак топозун баккан фермер жана гидропоника даярдоо боюнча чемпиондор аныкталды.

Тоң районунун Сырт өрөөнүнүн Кара-Саз кыштоосунда кыргыз ак топоз баккан фермер Баатырбек Акматов. Баатырбек мырза 2003-жылдан бери топоз багып келет. 1 баш топоздон орто эсеп менен 200 кг экологиялык таза эт алат. 2024-жылы эң чоң көрсөткүчү болуп 1 баш букадан 300 кг таза эт алган. Азыркы учурда 250 баш ак топозу бар. Дүйнөдө ак топоздун териси жана жүнү абдан бааланып келет жана кайра иштетүүдө колдонулат.

Ал эми жаш ветеринардык адис Мурзакулов Мирлан 7 жылдан бери жашыл тоют (гидропоника) даярдайт. Ушул жылдар аралыгында мал жандыктарды сандан-сапатка өтүүдө тоюттардын сиңимдүүлүгү боюнча илимий маалыматтарга таянып, климаттын өзгөрүүсүн эске алуу менен жана жайыттарды сактоо, туура пайдалануу, арзан тез сиңимдүү болгон тоют бул гидропоникалык тоюттарды жасоого бел байлап, атайын Европадан келген Канадалык адистерден билим алган.

Бүгүнкү күндө Мирлан мырза Жалал-Абад областында– 920 фермер, Ош облусунда- 512 фермер, Баткен областында- 86 кызыктар болгон фермерлерди атайын гидропоникалык тоюттарды даярдоо боюнча окуулардан өткөргөн. Окуу-семинарлардын жыйынтыгы менен өз чарбаларына жасаган 28 фермер үй-шартында кеңири пайдаланып келишүүдө. Ал эми алыскы райондорго онлайн окуу уюштуруп келет.

Связанный пост