Ош ОИИБ Өзгөндө жаңы салынган “Тез-Жол” унаа жолунда башынан жаракат алган жигит боюнча маалымат берди
Ош ОИИБ Өзгөндө жаңы салынган “Тез-Жол” унаа жолунда башынан жаракат алган жигит боюнча маалымат берди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 10-январь күнү социалдык тармактарда Өзгөн районунун аймагында акы төлөнүүчү жаңы салынган унаа жолунда бараткан оор жүк ташуучу унаанын терезелери белгисиз жарандар тарабынан ыргытылган таштан улам талкаланып, анда жүргүнчү катары бараткан жигит башынан жаракат алгандыгы тууралуу видеотасма тараган.
Окуя боюнча: 9-январда түнкү саат 23:50 чамасында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө жаңы салынган “Тез-Жол” аталышындагы унаа жолунда Жалал-Абад облусунун 1996-жылы туулган У.К. аттуу тургуну “Даф” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы менен түндүктөн-түштүктү көздөй башкарып бара жаткан учурда, белгисиз атуулдар автоунаасынын алдынкы айнегине таш менен уруп сындырып, 2009-жылы туулган С.И. аттуу жүргүнчүнүн башына таш тийип, денесинен жараат алгандыгы тууралуу кабарлаган.
Бул факты Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки териштирүү башталган. Жабырлануучуга тийиштүү экспертиза дайындалган.
Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде төмөндөгүлөр аныкталган.
Алдын ала маалымат боюнча 2025-жылдын 9-январында саат 23:30 чамасында, Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын тургундары 2011-жылы туулган А.К., Н.Б., С.Б., А.Э., жана 2010-жылы туулган М.А., Ж.А., М.А., А.А., А.Д. аттуу 9 өспүрүм “Тез-Жол” унаа жолуна жакын аймакта жылгаяк тээп жаткан учурда белгисиз бир жаныбардын үнүн угуп, (чөө бөрү) аны көздөй таш ыргытышканда аталган унаанын терезесине тийгендиги маалым болгон.
Ыкчам-тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат.
Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда.