ЖКККББ: Жол коопсуздугу талкууланды
Бүгүн, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин катышуусунда өлкө аймагындагы жол кыймылынын абалы жана автомобиль жолдоруна жүргүзүлгөн талдоонун негизинде аныкталган көйгөйлөр талкууланды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиирди.
Иш-чарага Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков катышып, өлкө башчыбыздын III Элдик Курултайдагы мыйзамдуулукту жана коопсуздукту камсыздоо багытындагы талаптарын аткаруу, республика аймагындагы эл аралык маанидеги транспорт каражаттарынын интенсивдүүлүгү көп көчө-жолдорунун абалдары жана жалпы жолдордун түнкү жарыктандыруусу, кышкы мезгилде өз убагында тазалануусу, жол тосмолорунун, үн чыгаруучу тилкелеринин, жол чийиндеринин бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрүнүн чечүү жолдору каралды.
Жыйындын жүрүшүндө Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан даярдалган презентация коюлуп, туура эмес абалынан улам келип чыккан жол кырсыктары көрсөтүлүп, жолдун коопту аймактагы коопсуздугун биргеликте чечүү жагы каралды.
Ошондой эле башкы башкармалыктын башчысы Жеңишбек Джоробеков жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу өлкөнүн улуттук коопсуздугуна дагы коркунуч келтирген курч социалдык-экономикалык жана демографиялык көйгөйлөрдүн бири экендигин айтып, бул багытта биргелешкен кызматташууну күчөтүү зарылчылыгын белгиледи.
Кеңешменин соңунда аныкталган кемчиликтерди жоюу, жана алдыдагы аткарыла турган иш-мерчемдерди түзүү боюнча биргелешкен протоколдук тапшырмалар берилди.