Былтыр “Кыргыз сорт сыноо станциясы” ишканасы 4 млн сом киреше тапты

 Былтыр “Кыргыз сорт сыноо станциясы” ишканасы 4 млн сом киреше тапты

“Кыргыз сорт сыноо станциясы” мамлекеттик ишканасы 2024-жылы 4 млн сом киреше тапты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкана фермерлерге ата мекендик жана чет элдик селекциянын акыркы жетишкендиктери менен таанышууга шарт түзүп, айыл чарбасында негизги ролду ойнойт.

2024-жылы ишкананын сорт сыноо тилкелеринде 1 264 сорт сыноолор өткөрүлдү, анын ичинде:

  • кылкандуу дан эгиндери боюнча – 553;
  • дан буурчак өсүмдүктөрү боюнча – 33;
  • тоют өсүмдүктөрү боюнча – 161;
  • жашылча жана бакча өсүмдүктөрү боюнча – 144;
  • техникалык жана май өсүмдүктөрү боюнча – 92;
  • мөмө-жемиш өсүмдүктөрү боюнча – 147;
  • сортторду атайын булгама ыкмасы менен жуктуруп сорттордун негизги патогендерге туруктуулугун изилдөө боюнча – 134.

Ошентип, былтыр ишкана кирешесин 4 миллион сомго чейин көбөйтүүгө жетишти, бул 2023-жылга салыштырмалуу 190%га көп.

Связанный пост