“КР Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

 “КР Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Мыйзам 2024-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 29-ноябрындагы чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

 

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн соттун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тийиштүү сунуштама киргизүү боюнча ыйгарым укугун алып салуу боюнча түзөтүүлөр сунушталган.

 

Ошентип, мындан ары Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору гана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш киргизе алат.

Связанный пост