Нурланбек Шакиев Кореянын элчиси Ким Кванджэни кабыл алды

 Нурланбек Шакиев Кореянын элчиси Ким Кванджэни кабыл алды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Корея нын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага Ким Кванджэни Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап: “Дасыккан элчи катары мамлекеттер аралык байланыштарды жаңы деңгээлге көтөрөсүз деген терең ишеничтемин” – деди.

Ошондой эле Нурланбек Шакиев өлкөлөр ортосундагы алакалардын учурдагы абалына токтолуп: “Кыргызстан Түштүк Корея мамлекети менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Анын ичинен саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтип, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруубуз зарыл”, – деди.

Муну менен катар Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангандан кийинки алгачкы сапарларынын бирин Кореяга жасаганын белгилеп, парламенттер аралык диалогду тереңдетүү жаатындагы аракеттерге токтолду. Айрыкча, Борбор Азия+Корея парламенттер аралык форуму ийгиликтүү өткөрүлүп келе жатканын мисал кылып, Ашхабад шаарында өткөн соңку жолугушууда Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасын Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырганын эске салды.

“Эки тараптуу жолугушуулар өнөктөштүктү өрчүтүүгө зарыл болгон маселелерди кеңири талкуулап, кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Андыктан, иш сапарларды байма-бай уюштурушубуз кажет. Алсак, жакында эле өлкө башчыбыз Садыр Жапаров Корея Республикасына расмий сапар менен барып, мамлекеттер аралык маанилүү макулдашууларга жетиштик”, – деди Шакиев.

Ошондой эле дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүндө иш алып барган Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылган төрага аталган агенттик Жогорку Кеңештин санариптик потенциялын жогорулатууга байланышкан долбоорго да колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи.

“Кызматташтыкты арттыруу жаатында мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө чоң. Кыргызстан тоо-кен, туризм, энергетика тармактары боюнча Корея мамлекети менен өнөктөштүктү өрчүтүүгө да ынтызар”, – деди төрага.

Өз кезегинде элчи Ким Кванджэ Кореядагы азыркы саясий кырдаал боюнча учкай маалымат берип, түзүлгөн жагдайга карабай мамлекеттер аралык байланыш, биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлор үзгүлтүксүз уланып жатканын кошумчалады.

Андан тышкары, дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштери тууралуу да кеп кылып: “Кыргызстан Кореянын тышкы байланышында артыкчылыктуу өлкөлөрдүн бири. Биз калыптанган кызматташтыкты дагы өнүктүрүп, саламаттыкты сактоо, билим берүү, миграция жаатында тыгыз иш алып барууга даярбыз”, – деди элчи.

Жолугушууда Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Инновациялык айыл чарба изилдөөлөрүнүн жана стартаптарынын кыргыз-корей борборун түзүү маселеси да талкууланды.

Связанный пост