Кыргызстанда 14,5 миң жеке ассистент ай сайын 7,6 миң сомдон алышат
2024-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстанда “персоналдык ассистент” кызматын 14 миң 976 адам алат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, алардын 9 504ү балдар, ал эми 5 472си 18 жаштан жогорку майыптыгы бар жарандар.
“Аларга 14 673 жаран жеке ассистент кызматын көрсөтөт. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта жеке ассистенттердин кызматтары үчүн төлөм 6 268 сомдон 7 681 сомго чейин көтөрүлгөн”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бул кызматтын киргизилиши иштегенге мүмкүнчүлүгү жок адамдар пенсия курагына жеткенде пенсия алуу укугуна ээ болууга мүмкүндүк берет.