Баткенде үй тибиндеги 29 бала бакча ачылды

 Баткенде үй тибиндеги 29 бала бакча ачылды

Жыл башынан бери Баткен облусунда үй тибиндеги 29 бала бакча ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, учурда бала бакчаларда 676 бөбөк тарбияланууда.

“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга кызыкдар тараптарга мамлекет тарабынан жеңилдетилген шарттар каралган. Анда ишкерлер салык жана башка төлөмдөрдөн бошотулат.

Баткен облусунда мектеп жашына чейинки балдардын 28%ы бала бакчаларга тартылган.

Облус боюнча жалпы 208 бала бакча бар, анын 176сы мамлекеттик, 32си жеке менчик бала бакча. Ал эми бала бакча курагындагы балдардын саны 91 миңден ашат.

Связанный пост