Эне жана баланы коргоо борборунун окулисттери жогорку технологиялык операцияны өздөштүрүштү

 Эне жана баланы коргоо борборунун окулисттери жогорку технологиялык операцияны өздөштүрүштү

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун окулисттери жогорку технологиялык операцияны өздөштүрүштү.

 

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда 2024-жылы торчо челдин лазердик коагуляциясы биринчи жолу өздөштүрүлүп, ара төрөлгөн ретинопатиясы бар 14 ымыркайга жасалды.

 

Мындай операцияга бейтаптарды тандоо үчүн бардык ара төрөлгөн ымыркайлар Кыргыз Республикасындагы заманбап жана жападан жалгыз аппарат – “Редкам” – ара төрөлгөндөрдүн ретинопатиясын диагностикалоочу ретиналдык камера аркылуу диагностикадан өтүшөт.

 

КР Саламаттык сактоо министрлигинин, ЮНИСЕФтин жана Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун колдоосу менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун окулисттери Алматы шаарында окуудан өтүштү.

 

Белгилей кетсек, буга чейин көптөгөн бейтаптар Казакстан менен Россияга барып дарыланууга аргасыз болушкан.

Связанный пост