КМШ ПААнын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгы Азербайжандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мехрибан Заур гызы Алекперзадеге ыйгарылды
Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.
Тагыраагы, кезектеги сыйлык Азербайжан мамлекеттик академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, жазуучу-журналист, режиссер, Азербайжан Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мехрибан Заур гызы Алекперзадеге ыйгарылды.
Сыйлыкты Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев менен КМШ ПААнын Кеңешинин төрайымы, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко тапшырды.
Төрага Нурланбек Шакиев Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка Мехрибан Заур гызы Алекперзаденин талапкерлиги чыгармачылыктагы жетишкендиктери, адабияттын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, КМШ алкагындагы маданияттардын жакындашуусуна жана шериктеш өлкөлөрдүн ортосундагы достуктун чыңдалышына көрсөткөн көмөгү үчүн тандалганын баса белгиледи.
Муну менен катар Нурланбек Шакиев Чыңгыз Айтматов тууралуу да сөз кылып: “Залкар калемгер кыргыз элинин гана уулу эмес, баарыбыз сыймыктанган улуу инсан. Анткени, анын эмгектери дүйнө элин бириктирип, улуттарды жана маданияттарды жакындатып турат”, – деди.
Ошондой эле Төрага бул сыйлыкты негиздөө чечими бүткүл дүйнөнү чыгармалары менен бириктирген улуу жазуучуну эскерүүгө арналган Ассамблеянын олуттуу кадамдарынын бири болгонун белгилеп: “Аталган сыйлык КМШга мүчө мамлекеттердин маданий-гуманитардык потенциалын кеңейтүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө терең ишенем”, – деп жыйынтыктады.
Өз кезегинде Мехрибан Заур гызы Алекперзаде берилген сыйлык үчүн кыргыз элине ыраазычылыгын билдирип: “Сүйүктүү жазуучум, дүйнөлүк масштабдагы калемгер, философ Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык менен сыйланып жатканыма абдан кубанычтамын. Анын чыгармачылыгы улуттук өзгөчөлүк менен жалпы адамзаттык баалуулуктарды укмуштуудай айкалыштырып турат. Кыргыз эли бизге жана бүткүл дүйнөгө уникалдуу, феноменалдуу жазуучуну жана ойчулду тартуулаган”, – деди.
Эскерте кетсек, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин демилгеси менен негизделген КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы жыл сайын адабият жаатындагы жетишкендиктери боюнча өзгөчөлөнгөн жана оригиналдуу чыгармаларды жараткан инсандарга ыйгарылып келет. Талапкерлер КМШ ПААнын Маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын кароосунан өтөт.