Жыл башынан бери Нарында өндүрүш, кайра иштетүү, тейлөө багыттында 86 чакан ишкана ачылды

 Жыл башынан бери Нарында өндүрүш, кайра иштетүү, тейлөө багыттында 86 чакан ишкана ачылды

Бүгүн, 11-ноябрда Нарын облустук коллегиясынын кезектеги отуруму өткөрүлуп, анда облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2024-жылдын 9 айындагы жыйынтыктары жана облустагы аткаруучулук тартиптин абалы тууралуу маселелер каралды.

 

Коллегиянын отурумунда 9 айда аткарылган иштер, тармактардагы негизги көрсөткүчтөр жана кемчиликтер боюнча КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.Сапаров, Чечимдерди даярдоо, экспертизалоо жана аткаруу башкармалыгынын башчысы А.Абыкаев жана Контролдоо жана инспектордук иштер башкармалыгынын башчысы К.Кудайбергенов тарабынан баяндамалар жасалды.

 

Маалыматтарда билдирилгендей, 9 ай ичинде облустагы бардык тармактарда өсүштөр болгон.

 

Алсак, 9 ай ичинде 4014,3 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1104,8 млн.сомго көбөйүп, өсүү темпи 137,9 пайызды түздү.

 

Ат-Башы ГЭСи тарабынан 151,5 млн. кВт саат электр энергиясы өндүрүлдү.

 

Ал эми көмүр ишканалары тарабынан 1328,5 миң тонна көмүр казылды.

 

Облустун потенциалына ылайык жалпы кубаттуулугу 100 мегаваттык 450 млн квт/саат электр энергия өндүрүүчү Куланак ГЭСин куруу иштери башталып, учурда курулуш иштери улантылууда.

 

Ошондой эле Ат-Башы районунун Ак-Муз айылына караштуу Кичи-Ача участкасында жана Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл аймагында 1 мегаваттык чакан ГЭСтердин курулуш иштери башталды.

 

Өндүрүш, кайра иштетүү, тейлөө багыттында 86 чакан ишкана ачылып, 1220 жаңы жумушчу оруну түзүлүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 67 ишканага жана 845 жумуш орду көп түзүлдү.

 

Айыл чарба продукцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн дүң өндүрүү 2024-жылдын январь-сентябрь айларынын ичинде 21878,6 млн. сомду түздү.

 

Айыл чарба тармагында эт, сүт, бал, тоют, мөмө-жемиш кластерлерин түзүү боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.

 

“Сүт секторун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу” долбоорунун алкагында сүт багытындагы асыл тукум уйларды сатып алууга 889 фермерге 130 миң сомдон жалпы 115млн 170 миң сом лизинг жолу менен каражат берилди.

 

Айдап-себүү иштеринин жыйынтыгы менен 2024-жылы 45 миң 627 гектар жер айдалып, дан эгиндеринен 60 173 тонна түшүм жыйналып, өткөн жылга салыштырмалуу 7735 тоннага көп болду. Ал эми тоют өсүмдүктөрүнөн 500455 тонна түшүм алынып, 166 миң 673 тоннага көп жыйналды. Мындан сырткары альтернативдүү тоют топтоо максатында 462 гектар жүгөрүдөн 13 806 тонна чыктуу тоют даярдалды.

 

Нарын облусунун ирригация тармагына республикалык бюджеттен 133 млн. 800 миң сом каралып, суу-канал системаларын оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлдү.

 

Мындан сырткары ашар жолу менен каналдарды оңдоо жана куруу жумуштарына республикалык бюджеттен 207 млн сом каралып, Нарын районундагы “Байманде” каналын, Ат-Башы районундагы “Шамбет” каналын жана Кочкор районундагы 6 тике суу кудуктарын куруу иштери бүткөрүлдү.

 

“Кыргыз Республикасынын 2017-2026-жылдагы туруктуу өнүгүү стратегиясына” кирген 9 обьектинин ичинен 3 млрд 29,9 млн сом каралып, 9 айга карата 394 млн 261 миң сомдук Жумгал районундагы Түгөл-Сай, Кочкор районундагы Шамшы суу сактагычын жана Нарын районундагы өзү агып чыгуучу Куланак каналын куруу иштери жүргүзүлүүдө. Курулушу менен 8729 гектар аянтына суу берүү жакшырып, 5526 гектар жер өздөштүрүлөт.

 

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 2024-жылдын 9 айында планга карата 103,6 % аткарылды. Мунун ичинен республикалык бюджеттин план-тапшырмасы 103,2 пайызды, жергиликтүү бюджеттин план-тапшырмасы 104,1 пайызды түздү.

 

Дотациянын көлөмү – 2024-жылдын 9 айына карата 33,5%ды түзүп, 2023-жылдын 9 айына салыштырмалуу 6,5% га азайды.

 

Чет элдик тикелей түз инвестициянын көлөмү 2023-жылы 77 миллион доллар болсо, быйыл 2024-жылдын 2 кварталына карата 4225,2 миң доллар же 363 млн 367,2 миң сом сомду түздү.

 

Анын негизинде «Солтон-Сарыдагы» алтын өндүрүү ишканасы сыноо мөөнөтүндө ишке кирди. Ошондой эле Миң-Куштагы «Агулак» көмүрдун кубаттуулугун байытуучу фабрикасы, Ат-Башы эл аралык логистикалык борборундагы «Нарын мото» заводу ишке кирип, алгачкы продукцияларын өндүрө баштады.

 

Ошондой эле Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун облуска инвестиция тартуу аракеттери жемишин берип, «Эки өлкө, эки парк» долбоорунун жана «Нарын-Реновация» долбоорунун алкагында, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен Нарын районундагы «Нарын СЭЗ – Кашкар СЭЗ» индустриялык паркында «Нарын шумкар», «Нарын чырак», «Нарын кагаз» жана Нарын алгыр технолоджи» өндүрүш ишканаларынын курулушу башталды.

 

Нарын шаарында «Нарын-Реновация» долбоорунун негизги компоненттеринен болуп саналган “Теңир Тоо Сити” заманбап турак-жай комплексинин жана Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунун имаратынын курулушу башталды.

 

Облус жетекчисинин демилгеси менен башталып жаткан “Нарын-Реновация” долбоорунун башка компоненттери да буюрса ишке ашат. Бул долбоорлорго мамлекет тарабынан кайтарымдуу негизде 67 миллион сом колдоо көрсөтүлдү.

 

Андан сырткары Президентибиздин колдоосу менен Нарын шаарында жана Кочкор районунда ипотекалык турак-үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат.

 

Курулуш тармагында капиталдык курулушка планга 262 млн 753 миң сомдук 38 обьект киргизилип, 2024-жылдын 1-октябрына карата 193 млн 783,3 миң сом өздөштүрүлүп, кара-кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөн күнүнө карата 5 обьект (4 мектеп, 1 спорт зал) пайдаланууга берилди. Мындан тышкары эл аралык уюмдар, демөөрчүлөр, жергиликтүү фонддор тарабынан 18 обьект (1 социалдык шаарча, 2 ФАП, 1 ҮДТ, 7 футболдук аянтча, 1 инновациялык китепкана, 1 сквер, 5 өндүрүш ишканалары) ишке кирди.

 

Капиталдык оңдоп түздөө планына 219 млн 400 миң сомдук 27 обьект киргизилип, 61 млн 426 миң сомдук оңдоп түздөө иштери аткарылды.

 

Облус боюнча таза суу системасын курууга мамлекет тарабынан 32,9 млн. долларлык долбоор каралып, 43 айыл камтылган. Анын ичинен Нарын районунун 6 айылында 279 млн 631,9 миң сомдук курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Калган айылдарда жана райондун борборлорунда курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, капиталдык салымдар беренесинен Кочкор районунун Жаңы-Жол айылындагы 46 млн 169 миң обьектинин курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

 

Турак-жайларды камсыздандыруу багытында облус боюнча 50 899 турак-жай катталган болсо, анын ичинен 2024-жылдын 9 айына карата 9058 турак-жай, 3976 автотранспорт камсыздандырылды.

 

Жол тармагында 2024-жылга асфальт төшөөгө жана көпүрө курууга жалпы 968 млн 500 миң сомдук 14 обьект киргизилип, 2024-жылдын 1-октябрына карата 262 млн 153 мин сом акча каражаты каржыланып, 35,5 км жолдорго асфальт төшөлдү.

 

Туризм тармагында 2024-жылдын 9 айында Нарын облусуна 136 685 турист келип, өткөн жылга салыштырмалуу 36 055 туристке, алардан түшкөн киреше 56 млн 14 миң сомго көп болду.

 

Билим берүү тармагында жаңы окуу жылында билим сапатын 80 пайызга көтөрүү жана республикалык олимпидада биринчи байгелүү орундарды камсыз кылуу максатында ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы менен жол карта түзүлүп, окуу жылдын башталышы менен иштер акивдүү жүрүүдө.

 

2024-жылдын 9 айында социалдык контрактын негизинде 1065 аз-камсыз үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүлдү. Бул үй-бүлөлөргө чакан ишкердик кылууга 100 миң сомдон жалпы 106 млн 500 миң сом берилди.

 

Коллегияда аткарылган иштер менен айрым райондордо мамлекеттик бюджеттин план-тапшырмалары аткарылбай калганы, тикелей түз инвестиция тартуу иштери жолго коюлбаганы, малдын жугуштуу оруларына карата эмдөө иштери жакшы жүргүзулбөгөндүктөн сибирь жарасы, эхинококкоз жана бруцеллез оорусу катталганы, салыктык эмес төлөмдөрду чогултуу, турак-жайларды камсыздандыруу иштери солгун жүрүп жатканы, айылдардан башкы пландары толук иштелип чыкпаганы, ветеринария тармагындагы иштердин солгундугу жана Транспорт башкармалыгы тарабынан тикелей функционалдык милдеттер аткарылбагандыктан салык төлөмдөрүнө кедергисин тийгизип жатканы сыяктуу бир катар кемчиликтер айтылды.

 

Жыйында кемчиликтердин себептерине анализ жасалып, жоюу милдеттери жүктөлдү.

 

Коллегиянын отурумун алып барган Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Президенттин, Министрлер Кабинетинин, ыйгарым укуктуу өкүлдүн бардык нормативдик актыларын, тапшырмаларын кечиктирбей аткарууга алууну милдеттендирди. Кызматкерлердин тартип маселесине биринчи кезекте көңүл бурулаарын, жылдын жыйынтыгы менен бардык структуралык бөлүмдөргө (банктарга чейин) баа берилээрин эскертти.

 

Ошондой эле облус жетекчиси алдыда абдан амбициялуу пландар коюлуп жатканын белгилеп, буюрса Нарын облусунда темир-бетон, асфальт-бетон заводдорун куруу, битум чыгаруу менен жылына 50-100 чакырым жолго өз күчүбүз менен асфальт төшөө аракеттери башталганын маалымдады.

 

Коллегиянын токтому менен бир катар тапшырмалар берилип, милдеттер коюлду.

Связанный пост