Бишкек – Ош жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

 Бишкек – Ош жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Бүгүн эртең менен саат 09:10 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 127-чакырымына (Төө-Ашуу) кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүүдө.

“Көчкүнүн көлөмү 800 м3 түзөт. 2 даана автогрейдер, 2 даана жүктөгүч атайын техникасы иштеп жатат. Каттам убактылуу жабык”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост