Кара-Көл шаарынын башкы планы даярдалууда

 Кара-Көл шаарынын башкы планы даярдалууда

Кара-Көл шаарынын башкы планы даярдалууда. Бул тууралуу Кара-Көл шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери шаардын 2045-жылга чейинки даярдалып жаткан башкы планын талкуулашты.

Шаарды кеңейтүүдө экономикалык, инфратүзүмдүк шарттарды эске алуу зарылдыгын белгилешти. Даярдалып жаткан башкы планга ылайык,

Кара-Көл шаарынын аянты жанаша жайгашкан айыл аймактардын Жаз-Кечүү, Кайынды, Жээн-Кыштоо жана Чоң-Таш эсебинен 1858.97 гектар кошулат.

Анын ичинде өндүрүштүк аймак, турак-жай курууга багытталган жерлер такталып, социалдык-экономикалык өнүгүү программасы иштелип чыгат.

 

Шаардын башкы планын даярдоого жергиликтүү бюджеттен 3,5 миллион сом жумшалууда.

Связанный пост