9 айда Жалал-Абад облусунан 417 тонна жаңгак экспорттолду

 9 айда Жалал-Абад облусунан 417 тонна жаңгак экспорттолду

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Жалал-Абад облусунан 417 тонна жаңгак экспорттолду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, андан 1 млрд 350 млн сомго жакын киреше түшкөн.

 

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында 38 миң гектардан ашуун Кыргызстандагы чоң табигый түрдө өскөн жаңгак токтойлору бар. Анын ичинен эң чоң аянт Базар-Коргон районунда жайгашкан.

Связанный пост