9 айда мал-жандыкты күзгү эмдөө иштери 102 пайызга аткарылды
9 айда республика боюнча мал-жандыкты күзгү эмдөө иштери 102 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Учурда республика боюнча ветеринардык кызматтар тарабынан мал-жандыктардын ар кандай жугуштуу ооруларынын алдын алуу максатында күзгү эмдөө жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чаралар 17 млн 986,6 миң баш малга карата аткарылды. Анын ичинде:
- диагностикалык изилдөөлөр – 930,6 миң баш малга жүргүзүлдү;
- алдын ала эмдөө иштери – 16,5 млн баш малды камтыды;
- дегельминтизация (паразиттерге каршы дарылоо) – 552,4 миң баш малга жасалды.
Жалпысынан 2025-жылдын 9 айына бекитилген план 102 пайызга аткарылып, эпизоотиялык абал туруктуу деңгээлде сакталууда.
Мындай иш-чаралар мал чарбасын өнүктүрүүдө, ошондой эле элдин жана жаныбарлардын ден соолугун коргоодо маанилүү ролду ойнойт.