6-июнда айт намазы мечиттерде окулат

6-июнда айт намазы мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдады.
Анда белгиленгендей, айт намазы жума мечиттерде жана казыят тарабынан уруксат берилген мечиттерде окулат. Айт намазы саат 07:30да башталат.
Кыргызстанда Курман айт майрамы 6-июнда белгиленет. Ишемби жана жекшемби күндөрдү кошкондо кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат.