Кыргызстанга Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко баштаган делегация келди

 Кыргызстанга Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко баштаган делегация келди

Бүгүн, 15-ноябрда Кыргызстанга Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко баштаган делегация келди.

 

Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин делегациясын «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева тосуп алды.

 

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйындары өтөт.

Связанный пост