КМШнын саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтык кеңешинин XXXVI отурумунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду

 КМШнын саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтык кеңешинин XXXVI отурумунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду

2023-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин атынан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Саламаттыкты сактоо боюнча кызматташуу кеңешине төрагалык кылган.

 

Кеңештин мүчөлөрү – КМШга мүчө-мамлекеттердин министрлери жана мамлекеттик башкы санитардык дарыгерлери, 2023-жылга карата иштердин жыйынтыгын чыгарып, саламаттыкты сактоонун актуалдуу маселелери жана КМШ форматындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашышты, аны менен катар 2024-жылы кеңешке төрагалык кылуу чечимине келишти.

 

Кеңешмеде ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагындагы кадр маселеси талкууланып, клиникалык сунуштарды иштеп чыгууга болгон мамиле, бейтаптарды дары-дармек менен камсыздоо, кант диабетин диагностикалоо жана мониторинг жүргүзүү каражаттары, кургак учук жана онкологиялык ооруларга каршы күрөшүүдөгү жетишкендиктер, саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

 

Андан сырткары электрондук саламаттыкты сактоо маселелери каралып, шериктештик өлкөлөрүндөгү эпидемиологиялык кырдаал талдоого алынды, ошондой эле трансфузиология жана аймактарды санитардык коргоо жаатындагы бир катар документтер кабыл алынды, базалык уюмдардын, комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишинин жыйынтыктары, кеңешинин жыйынтыгы чыгарылды.

 

Кеңешменин чечиминде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жогорку органдарынын демилгелерин ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Связанный пост