3 айда Кыргызстанга 33,5 миң тонна минералдык жер семирткич импорттолду

 3 айда Кыргызстанга 33,5 миң тонна минералдык жер семирткич импорттолду

2024-жылы 13-мартка карата Кыргызстанга жалпы 33,5 миӊ тонна минералдык жер семирткичтер импорттолду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

– азоттук минералдык жер семирткичтер – 23,0 миӊ тонна;
– фосфордук минералдык жер семирткичтер – 9,4 миӊ тонна;
– калийдик минералдык жер семирткичтер – 1,0 миӊ тоннаны түзөт.

2024-жылы минералдык жер семирткичтерге болгон баалар:

– 1 кг аммиак селитрасы 22-30 сом;
– карбамид 32-38 сомдон сатылууда.

Ведомстводон белгилешкендей, былтыркыга салыштырмалуу 2024-жылы аммиак селитрасы орточо эсеп менен 13-15 сомго, карбамид 14-15 сомго арзан.

Связанный пост