23 миңден ашык жаранга азык-түлүк жана акчалай жардам берилди
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАТП) менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган ири долбоор ишке ашырууда.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, долбоордун алкагында кошумча азык-түлүк жардамы (ун жана өсүмдүк майы) көрсөтүлүп, ошондой эле “Коомдук пайдалуу иштерге (окутууга) катышуунун ордуна азык-түлүк/накталай акча каражаттары” схемасы боюнча акчалай колдоо берилет.
“Жыл башынан тартып республика боюнча инфраструктуралык, окутуучу жана киреше алып келүүчү 127 долбоор ишке ашырылды. Аларга 3 643 аз камсыз болгон үй-бүлө, башкача айтканда 18 285 жаран катышты. Аны ишке ашыруунун алкагында үй-бүлөлөргө 1 151 тоннадан ашык азык-түлүк жардамы, анын ичинде ун жана өсүмдүк майы таратылды”, – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, министрлик тарабынан республиканын айрым шаарларында жашаган калктын эң аялуу катмарларын шашылыш колдоого багытталган 36 долбоор “Коомдук пайдалуу иштерге (окутууга) катышуунун ордуна накталай акча каражаттары” схемасы боюнча ишке ашырылды.
Белгиленгендей, бул долбоорлорго 1 320 аз камсыз болгон үй-бүлө (4 782 жаран) катышты. Төлөнгөн акча каражаттарынын жалпы суммасы 19,1 млн сомду түздү.