Иран менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү $80 млн түзөт

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Иран Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харази менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кфзматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү келечегин талкуулашты.
Иран менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү учурда 80 миллион долларга жакын, бирок эки тарап тең бул көрсөткүчтү жогорулатууну каалашарын билдиришти. Темир Сариев өсүү темпин арттыруу жана андан ары өнүгүү жолдорун издөө зарылдыгын баса белгиледи. Азыркы учурда Соода-өнөр жай палатасы ири ишкерлердин катышуусу менен бизнес-форумдарды өткөрүүдө жана ар кандай соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн ортосундагы ишкер байланыштарды активдештирүүдө, бул бизнестин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу үчүн түрткү берет.
Иран элчиси жолугушуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, палатанын атынан салам айтты. Ал Темир Сариевди мындан ары кызматташууну арттыруу үчүн Иранга келип кетүүгө чакырды. Элчи ошондой эле ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосундагы көпүрө катары эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Связанный пост