2026-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт
2026-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдирди.
Анын айтымында, Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз спортчулары 14 медалга ээ болуп, учурда жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүдө.
“Жакшы жаңылыгыбыз бар. Кыргызстандан чыккан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өз мекенинде 2026-жылы өтө турган болду”, – деди ал.