2025-жылы салыктардын түшүүсү 48,7 млрд сом болот деп пландалууда

2025-жылы салыктардын түшүүсү 48,7 млрд сом болот деп пландалууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинде билдирди.
Анын айтымында, былтыркы жылга салыштырмалуу өсүү ыргагы 20%ды түзмөкчү.
“Өнөр жай субъекттери тарабынан төлөнгөн салыктардын көлөмү акыркы эки жылда 2,1 эсеге көбөйдү. 2022-жылы мамлекеттик бюджетке 19,1 млрд сом чегерилсе, 2024-жылы салыктардын төлөнгөн суммасы 40,6 млрд сомду түздү. Мындан ары да өсүш күтүлүүдө. 2025-жылы салыктардын түшүүсү 48,7 млрд сом болот деп пландалууда. Былтыркы жылга салыштырмалуу өсүү ыргагы 20%ды түзмөкчү”, – деди ал.
Ошондой эле Бакыт Сыдыков белгилегендей, 2024-жылы 102 жаңы ишкана ачылды.
“Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялардын жалпы көлөмү 796,8 млн АКШ долларын түзүп, 8315 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Ишке киргизилген ишканалардын 27си мамлекеттик, 75и жеке менчик ишканалар”, – деп кошумчалады министр.