2025-жылы Кыргызстанга 3,3 млн өзбекстандык турист келген
Кыргызстан 2025-жылы Өзбекстан жарандары үчүн эң көп тандалган туристтик багыт болуп калды. Расмий маалыматтарга ылайык, өткөн жылы бул өлкөгө 3,3 млн өзбекстандык турист келген. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, 2025-жылы Өзбекстандан чет өлкөгө туристтик максатта чыккан жарандардын жалпы саны 7,6 миллион адамды түзгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 1,4 миллион кишиге көп, же болбосо 22,2 пайызга өсүштү көрсөтөт.
Эң көп туристтик сапарлар адаттагыдай эле Борбор Азия өлкөлөрүнө туура келген. Алардын ичинен Кыргызстан алдыңкы орунда турат. Андан кийинки орундарда Казакстан жана Тажикстан жайгашкан — ар бирине 1,3 миллион сапар катталган.