2024-жылга жол тармагына бюджеттен 4,45 млрд сом каралган

 2024-жылга жол тармагына бюджеттен 4,45 млрд сом каралган

2024-жылга жол тармагына учурдагы бюджеттен 4 450,9 млн сом каралган.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча КР Финансы министрлиги тарабынан 4 073,7 млн сом же 100% каржыланды, анын ичинен:

– 1 870,4 млн.сом – автомобиль жолдорун тейлөөгө жана оңдоого (автомобиль жолдорун кышкы жана жайкы тейлөө, жол белгилерин жана светофорлорду орнотуу, учурдагы оңдоо ж. б.), анын ичинде битум сатып алууга;

– 346,9 млн сом – кредитордук карызды жабууга

– 1 241,7 млн сом – техника сатып алууга;

– 614,7 млн сом – административдик чыгашалар.

“Кыргызавтожол” МИ тарабынан 2022-жылы 32 даана жол-курулуш техникасын сатып алууга 2 353 100 АКШ долларына келишим түзүлгөн. Ошондой эле 2023-жылы 20 660 489 АКШ долларына 247 даанадан турган жол-курулуш техникаларын жана 6 699 083 долларга 18 даана асфальтбетон заводун, таш талкалоочу орнотмону жана бетон заводун сатып алууга келишимдер түзүлгөн. Анын 30 пайызы төлөнүп, калган каражаттар 3 жылдын ичинде квартал сайын төлөнүп турат.

Связанный пост