2024-жылдын башынан бери балдарга карата 52 зордук-зомбулук учуру катталган

 2024-жылдын башынан бери балдарга карата 52 зордук-зомбулук учуру катталган
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында жашы жете элек балдарга карата зомбулук аракеттерди алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иштер жана жашы жете элек балдарга карата ырайымсыз зомбулук жасаган адамдарга карата көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалыматы угулду.
Аталган маселе боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жыпариса Рысбекова баяндама жасап, балдардын укуктарын коргоо жаатындагы учурдагы абалга токтолду. Анын айтымында, 2024-жылдын 1-кварталында турмуштук оор кырдаалга кабылган министрликтин территориалдык башкармалыктар тарабынан 2238 бала аныкталып, алар үчүн жекече иштөө иш пландары иштелип чыккан.
«Анын ичинен 1000 бала турмуштук оор кырдаалдан чыгарылган. Ошол эле учурда турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын арасынан 107 бала физикалык, сексуалдык жана физикалык зордук-зомбулукка кабылган», – деди Жыпариса Рысбекова.
Баяндамачы 2024-жылдын 1-кварталында «111» ишеним телефонуна 15 миңден ашуун телефон чалуулар болгонун кошумчалады.
Ал эми Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев белгилегендей, 2024-жылдын башынан бери балдарга карата 52 зордук-зомбулук учуру катталып, алардын ичинен 34 учуру боюнча тергөө кызматтары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө, 6 учуру боюнча кыскартуу чечими кабыл алынган жана 12 учуру боюнча сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.
Талкуу маалында депутат Эрулан Кокулов мамлекеттик органдардын отчеттору реалдуу абалды чагылдырбай турганын жана балдардын укуктарынын бузулушу боюнча көптөгөн фактылар укук коргоо органдары тарабынан катталбай, мыйзам бузгандарга пробация колдонулуп жатканын сындады.
Эл өкүлү Айсулуу Мамашова да Жогорку сот Сокулукта эки жаштагы наристени кордоп сабаган кишини пробация менен чыгаруу өкүмүн сындап, жооптуу органдарды баланын ден соолугуна келтирилген оор зыянды эске алуу менен бул ишти кайра кароого, Башкы прокуратураны көзөмөлгө алууга чакырды. «Эгерде ушундай зөөкүрлөр балдардын баш сөөгүн сындырып, пробация менен эркиндикке чыгып кете турган болсо, эртең кандай өлкөгө айланабыз?», – деди Айсулуу Мамашова.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрүнүн сунушу менен жыйынга чакырылган Жогорку соттун жетекчилери келбегендиктен бул маселени кароо кийинкиге жылдырылды.
Андан тышкары, жыйында «Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук сигареталардын айрым түрлөрүн чегүүгө тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 1479-VII токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулду.

Связанный пост