2023-жылы Жалал-Абад облусуна 2,8 млрд сом каржыланган
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун 2023-жылдын 12 ай ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 2 638,9 млн сом өлчөмүндө каржыланган, анын ичинен:
- Теңдөөчү трансферт – 558,7 млн сом;
- Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 57,0 млн сом;
- Калктуу конуштардын башкы планын түзүүгө – 69,0 млн сом;
- “Жалал-Абад шаарынын өнүктүрүү боюнча” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №41-т негизинде – 1 745, 5 млн сом;
- Электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга – 20,5 млн сом;
- Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 44,3 млн сом;
- Бирдиктүү салык компенсациясына – 143,9 млн сом;
Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 191,7 млн. сом бөлүнүп берилди.
Жалпы – 2 830,6 млн сом.