2023-жылы Ысык-Көл облусунда 1648 жаранга мамлекеттик акт берилген

 2023-жылы Ысык-Көл облусунда 1648 жаранга мамлекеттик акт берилген
Жер мунапысын ишке ашырууда облустун аймагында бүгүнкү күнгө 10383 кайрылуулар кабыл алынып, 5304 коомдук талкуудан өткөрүлүп, жыйынтыгында 1648 мамлекеттик акт берилип, 782 гектар жер тилкеси трансформацияланды. Бул туралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы каралган жыйында билдирди.

Связанный пост